Бишкекте Кыргыз жаранынын баалуулуктарын бекемдөө жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек стол өткөрүлдү

26.02.2026
Бишкекте Кыргыз жаранынын баалуулуктарын бекемдөө жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек стол өткөрүлдү

2026-жылдын 25-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) менен биргеликте «Кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгүн бекемдөө жана мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктү өнүктүрүү: КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунун тажрыйбасы жана келечеги» аталышындагы тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Агартуу министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын, ИИМдин Республикалык окуу борборунун, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын, ошондой эле аймактык Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана аймактардан келген активисттер катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген Доктринанын («Уңгужол») «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» жоболорун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Тегерек столду БШКнын төрагасынын орун басары Б.А. Конуров ачып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Култаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти З.А. Турсунбеков жана «ПисНексус» фондунун өкүлү Н. Аксариева куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Б.А. Конуров өз сөзүндө БШКнын ЖБББ тарабынан жарандык иденттүүлүктү бекемдөө жана шайлоо маданиятын жогорулатуу багытында системалуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеп, Кыргыз жаранынын баалуулуктарын илгерилетүү демократиялык институттардын туруктуулугун камсыздоодо жана шайлоо процессине болгон ишенимди бекемдөөдө маанилүү фактор экенине токтолду.

Г.О. Култаева жаштардын жарандык иденттүүлүктү калыптандыруудагы ролун баса белгилеп, алардын өлкө электоратынын 40 пайыздан ашыгын түзөрүн айтты. Анын айтымында, жаштардын жоопкерчилигин, укуктук маданиятын жана жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүү мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат.

З.А. Турсунбеков Доктринада («Уңгужол») «Кыргыз жараны» концепциясы улуттук биримдикти бекемдөөнүн жана коомдун баалуулуктук консолидациясынын стратегиялык багыты катары каралганын белгиледи. Ал Доктринанын жоболорун ишке ашыруу боюнча иштер системалуу жүргүзүлүп жатканын айтып, ведомстволор аралык кызматташууну мындан ары кеңейтүү зарылдыгына токтолду. Ошондой эле жаштардын ролуна өзгөчө көңүл буруп, «Кыргыз жараны» идеологиясы менен алардын шайлоого катышуу активдүүлүгүнүн ортосунда түз байланыш бар экенин белгиледи. Жаран өзүн мамлекеттин толук кандуу субъектиси катары сезгенде гана башкаруу процесстерине активдүү катышат. Добуш берүү — бул жөн гана укук эмес, мамлекетти башкарууга катышуунун маанилүү инструменти болуп саналат.

Н. Аксариева мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өнөктөштүк кызматташуусунун маанисине токтолуп, жарандык билим берүү жаатындагы демилгелерди колдоо коомдук биримдикти жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Тегерек столдун негизги бөлүгүндө БШКнын ЖБББ тарабынан аймактык деңгээлде Кыргыз жаранынын баалуулуктарын илгерилетүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары сунушталды. Катышуучуларга өлкөнүн бардык аймактарында иштеп жаткан Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү, ошондой эле 2026-жылдын февраль айында беш аймакта жаштар жана аялдар арасында өткөрүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулардын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Өзүнчө аналитикалык блоктун алкагында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору А.Р. Жусубалиев коомдун социалдык дифференциациясы жана консолидациясы боюнча жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштады. Статистикалык маалыматтар жарандардын жарандык иденттүүлүккө болгон түшүнүгүн, шайлоого катышууга болгон мамилесин, Кыргыз Республикасына таандык экенине болгон сыймыгын жана мамлекет алдындагы жоопкерчилигин чагылдырды. Бул маалыматтар жарандык билим берүү багытындагы иштерди мындан ары да системалуу улантуу зарылдыгын айгинеледи.

Талкуунун жүрүшүндө жаштар стратегиялык мааниге ээ максаттуу топ катары өзгөчө белгиленип, аларды заманбап санариптик инструменттер — социалдык тармактар, интерактивдүү платформалар, оюн форматтары жана кыска видеоконтенттер аркылуу активдүү тартуу зарылдыгы айтылды.

Жыйынтыгында Кыргыз жаранынын баалуулуктарын жайылтуу боюнча мындан аркы иш-чаралардын артыкчылыктуу багыттары аныкталып, маалыматтык-агартуу иштерин кеңейтүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана туруктуу илгерилетүү механизмдерин өнүктүрүү боюнча сунуштар берилди.

Тегерек стол Доктринанын («Уңгужол») жоболорун ишке ашырууну улантуу жана Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктү бекемдөө багытында мамлекеттик органдардын, илимий жана эксперттик коомчулуктун өнөктөштүк кызматташуусун өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп калды.