Цели и задачи

Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардын, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук маданиятын жогорулатуу жаатында иштерди уюштуруу, координациялоо жана камсыз кылуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу максатында Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборун (мындан ары - Борбор) уюштурган.

Борбордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
-  жарандардын, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын), саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн, шайлоо органдарына талапкерлерди, алардын ишенимдүү адамдарын,
байкоочуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана башка адамдарды укуктук жактан агартуу;
- жарандарды, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, байкоочуларды жана шайлоо процессинин башка
катышуучуларын окутууну уюштуруу;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын пландарын эске алуу менен Кыргыз Республикасындагы шайлоо технологияларына мониторинг жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү.

 Борбордун иши Кыргыз Республикасынын калкынын бардык социалдык катмарларына жана жаш курактык топторуна багытталган.
 

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору