Кыргыз Жараны

Кыргыз жараны — бул Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болгон, этностук, диний, социалдык же регионалдык таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны. Кыргыз жараны термини өлкөнүн аталышынан — Кыргыз Республикасы дегенден келип чыккан жана этностук жамааттардын этномаданий өзгөчөлүктөрүн сактоо менен, алардын бардыгын бириктирген жалпы жарандык иденттүүлүктү билдирет.

Кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү жарандардын өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмушуна катышуусу үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, толеранттуулукту, өз ара урматтоону жана коомдук ынтымакты бекемдөөгө багытталган. Этностук ар түрдүүлүк жана жарандык тилектештик сыяктуу баалуулуктар ар кандай социалдык топтордун жана этностук жамааттардын активдүү кызматташтыгын, өнөктөштүгүн жана биргелешкен иш-аракетин талап кылат.

Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын логикалык уландысы болуп, жалпы жарандык иденттүүлүктү калыптандырууга жана этностор аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган мамлекеттик саясаттын жаңы этабын негиздеди. Аны ишке ашыруу тажрыйбасы бул саясатты калктын туруктуулугун, коомдогу гармонияны жана жарандардын активдүү жарандык позициясын камсыз кылуу максатында мындан ары да өнүктүрүүнүн зарылдыгын көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) Кыргыз жаранынын баалуулуктарын илгерилетүүдө негизги ролду ойнойт, анткени жарандык аң-сезимдин, жоопкерчиликтин жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин деңгээли шайлоо системасынын туруктуулугуна жана демократиялык процесстердин сапатына түздөн-түз таасир этет. Активдүү жана маалымдалган жаранды калыптандыруу ачык-айкын, адилеттүү жана инклюзивдүү шайлоолорду камсыз кылуу менен тыгыз байланыштуу. БШК үчүн Кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү шайлоо маданиятын жогорулатуунун, коомдук ишенимди бекемдөөнүн, шайлоочулардын катышуусун арттыруунун жана мамлекеттик башкарууга катышуунун узак мөөнөттүү маданиятын калыптандыруунун негизги пайдубалы болуп саналат.

2024-жылдын аягында Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү жаңы стратегиялык деңгээлде бекемделди. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» аттуу доктринасы (Уңгужол) бекитилди. Бул документ улуттук өнүгүүнүн жана биримдиктин узак мөөнөттүү көз карашын аныктап, борборго жалпы баалуулуктар менен бириккен, туруктуу, ийгиликтүү жана өнүккөн мамлекетти курууга умтулган жарандардын коомчулугун калыптандырууну коёт.

«Уңгужол» стратегиясында Кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгү негизги багыттардын бири болуп саналат. Документте бул багытка элдин биримдигин бекемдөөгө, жарандык активдүүлүктүн деңгээлин жогорулатууга, толеранттуулукту өнүктүрүүгө, маданияттар аралык диалогду колдоого жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү жарандык коомчулугун калыптандырууга багытталган милдеттердин комплекси камтылган өзүнчө  артыкчылык берилген.

Демек, «Уңгужол» стратегиясына Кыргыз жараны түшүнүгүнүн киргизилиши жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү элдин биримдигин камсыз кылууга, эгемендүүлүктү бекемдөөгө, социалдык туруктуулукту чыңдоого жана өлкөнүн жаратуучулук келечегине болгон жалпы умтулууну калыптандырууга багытталган расмий мамлекеттик саясатка айланганын билдирет.