КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! «YURTAH» ЖАНА «JYLDYZ ACADEMY» ИЙГИЛИКТҮҮ СТАРТ-АПТАРЫНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ ТИМУРОМ МОНЕ МЕНЕН ЖАШТАРДЫН ЖОЛУГУШУУСУ
29.10.2022
Өлкөбүздүн аймактарындагы жаштарыбызда Америкада жашап, иштеген белгилүү кыргызстандык Тимура Моне менен шыктандыруучу жолугушууга катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ушундай социалдык демилге менен Тимур Кыргызстанга учуп келди.
10-ноябрь – Жаштардын эл аралык күнүнө утурлай КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда (ЖСББ) Кыргызстандын санариптик лидери менен жолугушуу уюштурат!
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы биздин алдыга умтулган жаштарыбызды Тимур Моне менен жолугушууга кубануу менен чакырабыз.
Тимур Моне – биздин мекендеш, Нью-Йоркто жашайт, «Yurtah» жана «Jyldyz Academy» старт-аптарынын негиздөөчүсү болуп саналат. Тимур Коннектикут университетин бүтүргөн. 2014-жылдан тартып Нью-Йоркто Уолл-стритте кыймылсыз мүлктү сатуу жана ижарага берүү чөйрөсүндө иштейт.
Эгерде Сиз маалымат технологияларына кызыксаңыз же өз старт-абыңызды баштагыңыз келсе, Тимур Моне менен жолугушуп, Сизди кызыктырган суроолорду берүү, IT чөйрөсүндөгү көп жаңы жана кызыктуу нерселерди билүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
Төмөндө жолугушууларды өткөрүүнүн графиги жана ЖСББлардын даректери берилди:
|
Датасы жана убактысы |
ЖСББ дареги |
|
01.11.2022 10.00-12.00 |
Ош ш., К. Датка көч., 271, ЖСББ. Облустук китепкана |
|
01.11.2022 15.00-17.00 |
Кызыл-Кыя ш., Жусубалиев көч., 85, ЖСББ. Шаардык китепкана |
|
02.11.2022 10.00-12.00 |
Баткен ш., Садыков көч., 4а, ЖСББ. Облустук китепкана |
|
03.11.2022 10.00-12.00 |
Жалал-Абад ш., Ленин көч., 20 ЖСББ. Облустук китепкана |
Мындай шыктандыруучу жолугушуулар алдыда өлкөнүн башка аймактарында дагы өткөрүлөрүн кошумча билдиребиз. www.jaran.kg сайтындагы жаңылыктарга көңүл буруңуз.
Суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 тел. же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почта аркылуу кайрылсаңыз болот.
Маалымат үчүн: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган.Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында уюштурулат.
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору