Майыптардын эл аралык күнү: биз баарыбыз ар кандайбыз - бирок укуктарыбыз бирдей!
09.12.2022
05 ДЕКАБРЯ 2022
Бүгүн БУУ БА 1992-жылы жарыя кылган майыптардын Эл аралык күнүнѳ – 3-декабрга арналган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча БШКнын жумушчу тобунун жыйыны болуп ѳттү.
Майыптарды кошуп алганда ѳзүнүн бардык мүчѳлѳрүн кошпой туруп күчтүү коом куруу мүмкүн эмес. Демократиялык коомдо ар бир жарандын үнүн угуу ѳтѳ маанилүү. Майып адамдар үчүн инклюзивдүүлүк, жеткиликтүүлүк, шайлоо жана шайлануу мүмкүнчүлүгү жана ѳлкѳнүн коомдук-саясий турмушуна толук кандуу катышуу маселеси ѳзгѳчѳ маанилүү.
Жумушчу топтун жыйынында 2023-жылдагы иш-аракеттин планы талкууланды, мыйзамдарды ѳркүндѳтүү, жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана пандустардын сапатын жогорулатуу, активдүү, ошондой эле пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруу жаатында майып адамдардын күч-кубатын кѳтѳрүү, маалыматтык жана жарандык билим берүүнүн жаңы форматтарын пайдалануу менен маалымдуулукту жакшыртуу боюнча бир катар сунуш-пикирлер айтылды.
КР ЖК депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү учурунда кызматкерлер Сall-center жайында майып адамдар менен иштиктүү иш алып баргандыгы жана мындай иштер келечекте улантыла тургандыгы белгиленди.
БШК майып адамдардын ѳлкѳнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун активдештирүү үчүн алардын кубат-демин жана инклюзивдүүлүгүн жогорулатуудагы биргелешкен иштери жана кошкон салымы үчүн ПРООН, ОБСЕ, IFES жана «Эгль» КФ ѳңдүү ѳнѳктѳштѳрүнѳ ыраазычылык билдирди.
Биргелешкен долбоордун алкагында Улуттук тарых музейинде коворкинг борборун түзүү тууралуу сунуш колдоого алынды, ал жерде майыптыгы бар адамдардын инклюзивдүү ѳсүшү үчүн шарт түзүүгѳ, ошондой эле майыптар проблемасына коомдун кѳңүлүн бурдурууга жана маалдымдуулукту жогорулатууга мүмкүн болор эле.
Майыптардын укуктары жѳнүндѳ БУУнун конвенциясы Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 34 мыйзамы менен ратификациялангандыгын белгилѳѳ зарыл, ага ылайык катышкан мамлекеттер майыптарга саясий укуктарды жана башкалар менен бир катарда эле ал укуктарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кепилдейт жана тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттенет:
- майыптардын тике же эркин тандап алган ѳкүлдѳрү аркылуу башкалар менен бирдей эле саясий жана коомдук турмушка натыйжалуу жана ар тараптуу катышуусун, анын ичинде добуш берүү жана шайлануу укугуна ээ болуусун камсыз кылыт;
- майыптар дискриминацияланбай жана башкалардай эле мамлекеттик иштерди башкарууга натыйжалуу жана ар тараптуу катышуусу үчүн шарттарды түзѳѳгѳ жана алардын мамлекеттик иштерге катышуусун кеңейтүүгѳ активдүү кѳмѳктѳшѳт.