Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү: Жаш жарандар мектеби

02.02.2024
Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү: Жаш жарандар мектеби

2024-жылдын 31-январынан 2-февралына чейин Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүн майрамдоого карата КР БШК Шайлоо Системаларынын Эл Аралык Фонду (IFES) менен биргеликте студенттер үчүн үч күндүк Жаш жаран мектебин өткөрөт.

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата Жаш жаран мектебин өткөрүү акыркы жылдардан бери жакшы салт болуп калды.

Жаш жаран мектебинин биринчи күнүндө окуучулар Жогорку Кеңешке экскурсияга барып, парламенттин ишмердүүлүгү жана тарыхы менен таанышты.

Жаштар КР Жогорку Кеңешинин депутаты М.Маматалиев менен жолугушуп, анда жигиттер шайлоо жана инсандык өнүгүү темалары боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти. Өз кезегинде КР Жогорку Кеңешинин депутаты жаштарды мамлекеттин жашоосунда жигердүү болууга, ошондой эле өз тармагында лидер болууга умтулууга чакырды.

Экинчи күнү студенттерди Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү менен КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н.Шайлдабекова жана Эл аралык шайлоо системалары фондунун (IFES) директору Кетеван Майсурадзе куттукташты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жаш шайлоочуларга шайлоонун ролу, мамлекеттин өнүгүүсүнө тийгизген таасири, шайлоо реформасын баштоонун алдында турган милдеттер, жаштардын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүп берди. Ал шайлоо жаатындагы айрым цифралар жана фактылар менен бөлүшүп, шайлоо технологияларын колдонуудагы эл аралык тажрыйбага, башка өлкөлөрдүн саясий маданиятына токтолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.Маматов жаш шайлоочуларга жаштардын чечим кабыл алуу процессине катышуусу эмне үчүн мынчалык маанилүү экенин, алар бүгүнкү жана эртеңки келечекти калыптандырууда добуш берүү укугуна ээ экендигин айтып берди. Анткени, жаштардын муктаждыктарын эске алган туруктуу жана тынч коомду куруу үчүн шайлоолорго жаштардын инклюзивдүү катышуусу абдан маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун жетекчиси А.Жумалиева жаш шайлоочулар менен коомдук пикирди жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар менен бөлүштү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын саясий турмушка бирдей жана инклюзивдүү катышуусунун маанилүүлүгүн жана талапкер катары пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын потенциалын жана мотивациясын жогорулатуу боюнча маалымат берди.

Республика боюнча бардык шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө 18-29 жаштагы жаш шайлоочулардын үлүшү 32%ды түзөөрүн, бул 1 201 533 адамды түзөрүн эске алуу менен, саясий чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын катышуусу өтө маанилүү экендигин белгилеп кетсек.

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы No157 “Жаштар жөнүндө” жаңы Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу жаштардын жашы 35 жашка чейин көбөйтүлдү. Бул мыйзам 2024-жылдын 8-февралынан тартып күчүнө кирет.

Эми республика боюнча шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жаш шайлоочулардын (18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы) үлүшү 43,57%ды түзөт, бул 1 735 417 адамды түзөт.

Бирок, жаштар саясий институттарда жана чечимдерди кабыл алуу процесстеринде, анын ичинде шайлоолордо татыктуу өкүл болушу үчүн алар өз укуктарын билиши жана бардык деңгээлдерге толук кандуу катышуу үчүн зарыл билимге ээ болушу керек.

Жаш жаран мектеби программасы бай жана кызыктуу. Катышуучуларга мамлекеттик бийлик системасы, адам жана жарандык укуктар тууралуу билимдерден тышкары, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылган шайлоо технологияларынын иши көрсөтүлүп, добуш берүү процедурасынын симуляциясы жүргүзүлдү.

Үч күндүк «Жаш жаран мектеби» программасы аяктагандан кийин катышуучулар сертификаттарга ээ болушат.

 

Фотоальбом