Аймактарда 400 аял Жарандык жада “Санариптик туризм” бона санариптик билим берүү борборлорунюнча окуудан өтүштү
16.05.2024
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Жарандык билим берүү жана санариптик технологиялар борбору санариптик билим берүүнүн алкагында Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү менен биргеликте Кыргызстандын алыскы айыл аймактарындагы аялдар үчүн бир катар тренингдерди аяктады.
Иш-чаралар аймактардагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда болуп, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы 17 жерден 400дөн ашык аялдарды камтыган.
Санариптик туризм платформаларын жана социалдык тармактарды колдонуу боюнча билим берүү тренингдери Кыргызстандын айыл жерлеринде ишкердикти жана чакан бизнести чыңдоого багытталган. Катышуучулар санариптик саякат платформаларын колдонуу боюнча билим жана көндүмдөрүн жогорулатып, тренингдин жыйынтыгы боюнча сертификаттарга ээ болушту.
Долбоордун негизги максаты - Кыргызстандын алыскы айыл аймактарындагы аялдардын санариптик туризм платформалары жаатында билимин жана көндүмдөрүн жогорулатуу, бул өз кезегинде алардын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн бул долбоору Кыргызстандын айыл аймактарынын экономикалык өнүгүүсүн чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана аялдардын санариптик сабаттуулугун жана ишкердик жөндөмүн жогорулатууга олуттуу салымын кошууда.