Жарандык билим берүү борбору – “Мыкты STEM4ALL өнөктөшү”

29.01.2024
Жарандык билим берүү борбору – “Мыкты STEM4ALL өнөктөшү”

27-январда “STEM4ALL Award 2024” аземи болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы жана алдыга жылдыруу үчүн “Мыкты STEM4ALL өнөктөшү” номинациясында жеңип чыкты.

 

Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү А.Соловьева, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидэки Года, «Р.Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун аткаруучу директору Р.Кайыкова, STEM4ALL х Mentoring Her долбоорунун катышуучулары , STEM4ALL коомчулуктун өнөктөштөрү, көз карандысыз эксперттер, академиялык коомчулуктун жана ММКнын өкүлдөрү.

 

STEM – Science (илим), Technology (технология), Engineering (инженерия) жана Mathematics (математика) тармактарын бириктирген окутуу жана өнүктүрүү ыкмасы.

Студенттер / окуучулар, STEM аркылуу өнүктүрө турган көндүмдөр, аларга ийгиликке негиз түзөт. STEM санариптик жана жашыл трансформацияда келечектеги карьераларга мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

 

STEM4ALL x Mentoring Her долбоору жана анын насаатчылык платформасы санариптик инновацияларды колдонуу менен тармактарды жана коомдоштуктарды куруу аркылуу Кыргызстандагы кыздарды жана аялдарды STEM тармагында билимге жана ийгиликке умтулууга колдоо көрсөтүүгө жана аларга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.

Иш-чара долбоордун ийгиликтүү аякташына арналып, анын жыйынтыгы боюнча насаатчылык программасынын категориялары боюнча жеңүүчүлөр жана STEM4ALL коомчулугунун мыкты өнөктөштөрү аныкталды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын сентябрь-декабрында Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Техновумен КG жана IT-Run коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырган «Акыл Айым» социалдык долбоору STEMдин эң мыкты тажрыйбаларынын бири катары белгиленген.

Долбоордун уникалдуулугу – ал Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарынан келген кыздарды жана аялдарды компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүгө багытталган. 500дөн ашык катышуучу 73 жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда акысыз окууну бүтүргөн. Эң ийгиликтүү бүтүрүүчүлөргө сертификаттар ыйгарылды.

STEM4ALL x Mentoring Her долбоору БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасынын демилгеси менен, Digital X долбоорунун алкагында Япония өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашкан.

Насаатчылык программасы “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан кыздардын жана аялдардын илим, технология жана инновация тармагына катышуусун өнүктүрүү максатында ишке ашырылган.

Фотоальбом

Категориялар: Женщины