Эл аралык аялдар күнүнө карата quiz викторина
11.03.2024
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Эл аралык шайлоо системалары фонду (IFES) менен биргеликте Аялдардын эл аралык күнүнө карата жаштар арасында интеллектуалдык викторина-оюн өткөрдү.
Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 8-мартта белгиленүүчү Эл аралык аялдар күнү аялдардын укук жана социалдык теңчилик үчүн күрөшүндө тилектештик жана колдоо күнү болуп саналат. Анын алкагында бул иш-чара интеллектуалдык викторинага гана мүмкүнчүлүк болбостон, коомдун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоо жана теңчилик жана адилеттүүлүк идеяларын жайылтуу аянтчасы болуп калды.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Кармабековна Шайлдабекова жана IFESтин директору Кетеван Майсурадзе куттуктоо сөзү менен чыгышты. Алар аялдардын шайлоого жана өлкөнүн саясий турмушуна жигердүү катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилешти, ошондой эле бардык катышуучуларга кызыгуусу жана шайлоо жана демократия жөнүндөгү билимди жайылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
QUIZ викторинасына 10 команда катышты: Легендарный парламент, Change Makers, Акыл Карачач, Дебатчылар, Caster, Холестазниктер, Альянс, Мүрөк, Жаңылмырза, Курманжан Датка.
Оюндун жүрүшүндө тең укуктуулуктун ар кандай аспектилери, аялдардын укуктары, ошондой эле жалпы билим, логика боюнча суроолор берилди. Оюндун жыйынтыгында үч жеңүүчү команда аныкталып, баалуу сыйлыктарга ээ болушту.
Биринчи орун – «Change Makers», команданын капитаны Толгонай Элеманова,
Экинчи орун – «Дебатчылар», команданын капитаны Айпери Болотжан,
Үчүнчү орун – «Легендарный парламент», команданын капитаны Элина Асекова.
Жарандык билим берүү борбору бардык катышуучуларга жигердүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирет жана бул иш-чара шайлоо процессине болгон кызыгууну жана өлкөнүн саясий турмушуна аялдарды тартууну мындан ары жогорулатууга жардам берет деп ишенүүдө.