“ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН АЙЫМ ДЕПУТАТТАРЫ ИШ ҮСТҮНДӨ” АТТУУ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ!!!
11.03.2024
Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары, ишиңерди өлкөнүн булуң-бурчундагы бардык адамдар угуп, силер менен сыймыктана алышсын!
Эгерде сиз жергиликтүү кеңештерде жана жамааттарда өз тажрыйбаңыз жана жетишкен натыйжаларыңыз менен бөлүшкүңүз келсе, сизди “Жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары иш үстүндө” конкурсуна катышууга чакырабыз!
Конкурстун максаттары:
- жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жана жергиликтүү жамааттын жашоо шартын жакшыртуу боюнча жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттарынын өзгөчө натыйжалуу иштерин аныктап чыгуу;
- жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттарын жана жарандарды тажрыйба алмашууга жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүнүн ийгиликтүү тажрыйбаларын жайылтууга шыктандыруу;
- Кыргыз Республикасында жергиликтүү өнүгүү маселелерин чечүүнүн алдыңкы усулдарын жана жаңы ыкмаларын жайылтуу;
- аялдар үчүн 30% мандат резерви киргизилгенден кийин жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын жетишкендиктерине коомчулуктун көңүлүн буруу.
Конкурска катышуу үчүн 2024-жылдын 8-марттан 8-апрелге чейинки мезгил аралыгында жамаатыңыздын көйгөйүн чечүүгө багытталган депутаттык демилгенин сүрөттөлүшүн бизге жөнөтүнүз.
Толтурулушу керек болгон форма сиз тандаган жол менен жиберилет (WhatsApp, Telegram, электрондук дарек ж.б. аркылуу)
Толук толтурулган формалар, жана юридикалык текшерүүдөн өткөн практикалар ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар порталына жайгаштырылат.
!!! “Жергиликтүү кеңештердин айым-депутаттары иш үстүндө” конкурсунун жеңүүчүлөрүн онлайн добуш берүү аныктайт!!!.
Мыкты деп тандалган мисалдардын ээлерине таасирдүү байгелер ыйгарылат:
- I орун үчүн – КР БШКнын Ардак грамотасы, ноутбук жана принтер;
- II орун үчүн – КР БШКнын Ардак грамотасы жана ноутбук;
- III орун үчүн – КР БШКнын Ардак грамотасы жана 3 функциясы бар аппарат (принтер, сканер жана көчүрмө түзүлүш).
Кошумча 3 номинация:
- I орун үчүн – КР БШКнын Ардак грамотасы, ноутбук жана принтер;
- II орун үчүн – КР БШКнын Ардак грамотасы, ноутбук жана 3 функциясы бар аппарат;
- III орун үчүн – КР БШКнын Ардак грамотасы жана 3 функциясы бар аппарат (принтер, сканер жана көчүрмө түзүлүш).
Кызыктыруучу байгелер:
- “Муниципалитет” журналына бир жылга акысыз жазылуу.
- БАЖБАнын 1 курсунан өтүүгө сертификат
Бирок ЭҢ БАШКЫСЫ – Сиздердин мыкты тажрыйбаңыздар жергиликтүү коомчулуктун маселелерин чечүү жана жарандардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча башкаларга үлгү болот!
Сиз жергиликтүү коомчулуктун жашоосун жакшыртуу боюнча жаңы прогрессивдүү идеяларды издөөгө умтулган жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына түрткү болосуз!
Конкурсту Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен “Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы” мекемеси өткөрүүдө. Конкурстун уюштуруучулары:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК);
- “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу” ЮЖБсы (ЖӨБ Союзу);
- “Өнүктүрүү саясат институту” Коомдук бирикмеси (ӨСИ).
Конкурстун катчылыгы: БАЖБАнын жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттарынын клубу.
|
Конкурска катышуунун шарттары жөнүндө толук маалыматты, ошондой эле онлайн добуш берүү боюнча нускаманы төмөнкү шилтеме боюнча таба аласыз: https://myktyaimak.gov.kg/lg-help/investment-projects/investment-project?lang=ru&id=21 же QR-код боюнча кирсеңиз болот:
|
|
Байланыш үчүн кызматкер: Нургуль Жаманкулова 0770771711, n.dzhamankulova@lga.kg
