Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулар өткөрүлдү

04.02.2026
Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулар өткөрүлдү

2026-жылдын 2–3-февралында Жалал-Абад облусунун Масы айылында жана Ош облусунун Араван айылында БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) калк үчүн маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларын өткөрдү.

Иш-чаралар Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын жана Кыргыз Республикасынын «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» (Уңгужол) Доктринасын ишке ашыруунун алкагында, ПисНексус уюмунун колдоосу менен уюштурулду.

Жолугушуулар максаттуу топтор — жаштар жана аялдар үчүн өткөрүлүп, аймактардагы ЖБББнын координаторлору тарабынан ишке ашырылды. Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз жаранынын баалуулуктары, жарандык иденттүүлүктүн мааниси, жарандык жоопкерчилик жана коомдук жашоого активдүү катышуунун зарылдыгы тууралуу маалымат берилди.

Өзгөчө көңүл шайлоо маданиятына, жарандардын шайлоолорго аң-сезимдүү катышуусуна, демократиялык процесстердеги ар бир жарандын ролун түшүнүүгө жана добуш берүүдө жоопкерчиликтүү мамиле калыптандырууга бурулду.

Иш-чаралардын негизги максаты калк арасында жарандык иденттүүлүктү, жарандык баалуулуктарды, жоопкерчиликти жана активдүү жарандык позицияны, анын ичинде шайлоо процеслжстерине катышуунун маанисин калыптандыруу болуп саналат.

Ушуга окшош маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулары 2026-жылдын 10–12-февралында төмөнкү аймактарда өткөрүлөт:

  • Ысык-Көл облусунун Тон районунун Боконбаево айылында,
  • Нарын облусунун Нарын шаарында,
  • Чүй облусунун Кант шаарында.

Мындай жолугушууларды өткөрүү Кыргыз жаранынын баалуулуктарын жайылтууга, жарандык аң-сезимди бекемдөөгө жана калк арасында туруктуу жарандык маданиятты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

 

Фотоальбом