КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясына иш сапары менен барды

27.03.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясына иш сапары менен барды

Беларусь Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында болду. Иш сапардын негизги максаты — жаштар саясатын ишке ашыруудагы алдыңкы тажрыйбалар менен таанышуу.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тынчтык Шайназаров шайлоо процессинин катышуучуларын окутуудагы мамлекеттик мамиленин беларус моделине жогору баа берди. Өзгөчө көңүл Беларуста артыкчылыктуу мамлекеттик милдет катары каралган өсүп келе жаткан муун менен иштөө тажрыйбасына бурулду.

«Беларусь Республикасында жаштар менен жүргүзүлүп жаткан иштер чындыгында урматтоого татыктуу. Кыргызстанда биз дагы өзүбүздүн Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) аркылуу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоочуларды окутууга чоң көңүл бурабыз. Ошону менен бирге, Президенттик Башкаруу академиясынын жана Президенттин Администрациясынын колдоосу менен Беларуссияда ишке ашырылып жаткан бул процесстин тутумдуулугу жана масштабы биз үчүн өнүгүүнүн жаңы горизонтторун ачат», — деп белгиледи БШК төрагасы.

Талкууланган негизги темалардын бири жаштардын электоралдык жигердүүлүгү болду. Кесиптештердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, билим берүү институттары менен шайлоо органдарынын тыгыз кызматташтыгы добуш берүүдө жаштардын катышуусунун жогорку деңгээлине (90%дан ашык) жетүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргызстан үчүн жаштардын жарандык жигердүүлүгүн жогорулатуу маселеси актуалдуу бойдон калууда. ЖБББ заманбап билим берүү модулдарын жана технологияларын ийгиликтүү киргизип жаткан учурда, Минскте болгон иш сапар жаштарды өлкөнүн саясий турмушуна тартуунун жаңы стратегияларын белгилөөгө шарт түздү.

«Жаштар — Кыргызстандын келечеги, өлкөнүн өнүгүү багыты алардын тандоосунан көз каранды. Башкаруу академиясынын тажрыйбасы далилдегендей, жаш шайлоочулардын укуктук сабаттуулугуна мамлекеттик деңгээлде жумшалган инвестициялар реалдуу натыйжаларды берет. Биз борборубуздун программаларын күчөтүү жана жаштардын шайлоо кампанияларына болгон кызыгуусун арттыруу үчүн алынган тажрыйбаларды колдонууну көздөп жатабыз», — деп баса белгиледи Тынчтык Шайназаров.

Бул иш сапар ведомстволор аралык кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам болуп, жарандык билим берүү жана шайлоо технологияларын санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорго негиз салды.

Категориялар: Жаштар