КРСУнун студенттери КР БШКнын ишмердүүлүгү менен таанышты

25.03.2026
КРСУнун студенттери КР БШКнын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттери менен тааныштыруу жолугушуусу өткөрүлдү.

Иш-чара Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан уюштурулуп, анын максаты студенттик жаштардын укуктук жана электоралдык маданиятын жогорулатуу, шайлоо системасы боюнча билимдерин тереңдетүү жана КР БШКнын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштыруу болду.

Жолугушууда КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору директору Анара Бейшембаева сөз сүйлөп, жаш муундар үчүн активдүү жарандык позицияны калыптандыруунун жана шайлоо укугу жаатында билим алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын алкагында студенттерге КР БШКнын түзүмү, функциялары жана шайлоону уюштуруунун заманбап ыкмалары тууралуу маалымат берилип, мекеменин имараты боюнча экскурсия уюштурулду.

Ошондой эле “Уңгужол” улуттук доктринасы жана “Кыргыз жараны” концепциясы тууралуу маалымат берилип, алардын жарандык иденттүүлүктү калыптандыруудагы ролу түшүндүрүлдү.

Практикалык бөлүктө студенттер үчүн тесттик добуш берүү уюштурулуп, шайлоо процессин моделдөө аркылуу алардын практикалык билимдери бекемделди. Мындан тышкары, аралыктан добуш берүү технологиялары боюнча маалымат берилип, 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо 190 миң шайлоочу бул мүмкүнчүлүктү пайдаланганы белгиленди.

Шайлоо мыйзамдарын билүү боюнча интеллектуалдык конкурс өткөрүлүп, жыйынтыгында мыкты катышуучулар эстелик белектер менен сыйланышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер мындай жолугушууларды пайдалуу деп баалап, жарандык жоопкерчиликти жана шайлоо процессиндеги өз ролун түшүнүүгө өбөлгө түзгөнүн белгилешти.

КР БШК менен КРСУнун ортосунда жаштарды укуктук агартуу багытындагы кызматташтык мындан ары да улантылат.