Өлкөнүн аймактарында Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуулар өткөрүлдү

14.02.2026
Өлкөнүн аймактарында Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуулар өткөрүлдү

2026-жылдын 10–12-февралында Ысык-Көл облусунун Тон районунун Боконбаево айылында, Нарын облусунун Нарын шаарында жана Чүй облусунун Кант шаарында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан калк үчүн бир катар маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулар өткөрүлдү.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» (Уңгужол) Доктринасынын жоболорун илгерилетүүнүн алкагында ПисНексус уюмунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Жолугушуулар калктын ар кандай социалдык топтору үчүн уюштурулуп, аймактардагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун координаторлорунун катышуусу менен өткөрүлдү. Катышуучулар менен болгон талкуулардын жүрүшүндө жарандык иденттүүлүктү бекемдөө, коомдук активдүүлүктүн мааниси, жеке жоопкерчилик жана шайлоолорго катышуу маселелери каралды.

Мындан мурда, 2026-жылдын 2–3-февралында,  жолугушуулар Жалал-Абад облусунун Масы айылында жана Ош облусунун Араван айылында өткөрүлгөн.

Жыйынтыгында, өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 350дөн ашык жаран окуудан өттү.

Мындай жолугушуулар жарандык аң-сезимди бекемдөөгө, туруктуу баалуулуктарды калыптандырууга жана калктын активдүүлүгүн жогорулатууга, анын ичинде шайлоо процесстерине катышуусун арттырууга багытталган.

 

Фотоальбом